Бийликке жакпаган чындык❗️❌
Негизи журналист деген ким?
Өлкөбүзгө башчы болуп шайланып жатканда президентибиз С. Жапаров элдин алдына чыгып, жумурай журтка сөз бергени баарыбызга белгилүү. Президент өз сөзүндө “Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин тастыктап, мындан ары да журналистерге кысым көрсөтүлбөй турганын, жана алардын укугу бийлик тарабынан бузулбай сакталарын жар салган. Бирок ага карабай “эшегиң суудан өтсө болду” дегендей эле жагдай дагы да кайталанып жаткандай. Президент болгондон көп өтпөй журналистерге карата кысым көрсөтүлө баштаган. Айрым журналисттердин акпарат таратуучу сайттарын жаап салса, кээ бирлерин түрмөгө отургузуп, өлкөдөн кууп чыгарып салды. Бирок бул иши менен журналисттерди коркута алган эмес. 17-январь күнү бийликке карата сын айткан 11 журналистти камака алып, сурак жүргүзүп, айрымдарын 2 айга убактылуу кармоочу жайда калтырган. Ошондо бизде сөз бар болуп, бирок эркиндик болбой кысым күч болууда.
Илимпоздордо “Ишенчээктер илим ачпайт” деген сөз бар. Илимпоз ынанымдуу жооп алмайынча эч нерсеге ишенбейт. Мисалы бирөө ооруп жатса, жөнөкөй адам “маңдайга жазганы ушул экен” -деп тим болот. А илимпоз дартын аныктагысы келет. Анан ал дартты айыктыргысы келет. Дарыны ойлоп табат. Операцияны ойлоп табат. Жөнөкөй адамдын тилинде айтканда илимпоз адамдын өмүрүн кудайдан талашат. Илимпоз менен жөнөкөй адамдардын айырмасы ушул.
Жакшы журналист деле ошол, илимпоз сыяктуу. Ынанымдуу жооп алмайынча эч нерсеге ишенбейт.
Кармалгандарды мен жакшы журналисттер, кайдыгер эместер, калыстык издегендер дээр элем. Ыңгайы болсо деле, болбосо деле акча берген чиновникти асманга чыгарып мактагандан тартынган, карманган мыкты журналисттер дээр элем.
Бийлик журналист менен мышык-чычкан ойногондон көрө өзүнүн институттарын, негизги мамлекеттик түркүктөрүн чыңдабайбы? Эгерде госстрой эреже менен иштесе архитектура сызыктан чыкмак эмес. Эгерде мэрлер жакшы иштесе мыйзамсыз токтомдор чыкмак эмес. Эгерде соттор жакшы иштесе эл адилеттикти журналисттен эмес, соттон тапмак. Эгерде милиция калыс тергесе көп иштер сотко жетмек эмес. Эгерде прокуратура жакшы иштесе милиция көпмөк эмес. Эгерде бийлик өзү жазган эрежелерди өзү сактаса, өзү коргосо, өзү бузбаса анда өлкөбүз гүлдөп өнүгүп кетмек.
Күнөөнү журналисттен издебей өнүүгү жолун издеп, өлкөнү өнүктүрө берүүгө бийлик үчүн азыр эмне жолтоо болуп жатат?

Пікір жоқ әзірше