Экономикадан ден соолук кымбат??

Мамлекеттин келечеги кең болушун, анын өркүндөп өсүүсүн, экономикасы өнүгүп дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттерине кошулуусун бардыгы эле каалайт. Туура, мамлекет өссүн өнүксүн, дүйнөнүн алдыңкы мамлекетине айлансын, бирок кантип. Албетте бул өлкөнүн өнөр-жайына, экспорт, импорттуна, инклюзивдик институттардын өсүүсүнө, жана ошону менен эле катар мамлекеттеги муңай затка байланыштуу.
Дүйнөдө эң бай өлкөлөр да дал ушул муңай зат чыгарып байып келет. Бирок алар экономиканы өстүрүү менен бирге экологияга да өтө чоң маани берип иш алып барышат. Биз башка мамлекеттерди туурап, муңай заттарды иштеттип жатабыз, а экологиябыз эмне болду, жетишээрлик көңүл бурулуп жатабы? Элибиз экологияга ыраазыбы?
Албетте жок, эң кооз, эң таза, жашыл шаар деп эсептелинип келген Актау калаасы бүгүн айласын таппай, түтүнгө жылдан жылга чөмүлүүдө. Бир жагынан Каспий деңизи азайса, экинчи жагынан шаарда түтүн көбөйүп эл кыйналып келет. Мамлекет муңай зат чыгарат, бирок аны менен бирге чыккан зыяндуу түтүндүн алдын албайт. Ал түтүндөр кайда кетип жатат? Экономика деп, элибиздин ден соолугун жылдан жылга талкалап жатабыз. Элдин ою эске алынабы, же унчукпай кара түтүнгө чөчүлүп жашай берүүсү керекпи? Балдардын ден соолугунан акча жасап, алардын келечегин талкалап жатабыз.

Расмий маалымат боюнча муңай зат чыгарган компаниялар атмосферага 300 миң тоннадан ашык зыян зат чыгарган. Бул зыян зат кайда кетти, албетте аба аркылуу ар бир адамдын ичине кирип, ден соолуга кедергисин тийгизүүдө. Ал эми мамлекет буга азырынча чара көрө элек.
Негизи эле адамдын жашоосун суу менен эле жер түзөт эмеспи. Жер, суу, абаны таза кармап кала албасак анда келечегибиз эмне болот? Жергиликтүү тургун Мунара Макунованын айтымда мамлекет тараптан бул маселени чечүү үчүн эч кандай реалдуу план же программа жок. Бул деген экономикабыз өнүксүн, экологиябыз эмне болсо ошо болсун дегениби?
———Элдин, балдардын ден соолугу эч кимге кереги жокпу?
———Элге кайдыгер карабайлы!
———Балдардын чын ден соолугу өлкөнүн мыкты келечеги!

Бийликке жакпаган чындык❗️❌

Негизи журналист деген ким?
Өлкөбүзгө башчы болуп шайланып жатканда президентибиз С. Жапаров элдин алдына чыгып, жумурай журтка сөз бергени баарыбызга белгилүү. Президент өз сөзүндө “Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин тастыктап, мындан ары да журналистерге кысым көрсөтүлбөй турганын, жана алардын укугу бийлик тарабынан бузулбай сакталарын жар салган. Бирок ага карабай “эшегиң суудан өтсө болду” дегендей эле жагдай дагы да кайталанып жаткандай. Президент болгондон көп өтпөй журналистерге карата кысым көрсөтүлө баштаган. Айрым журналисттердин акпарат таратуучу сайттарын жаап салса, кээ бирлерин түрмөгө отургузуп, өлкөдөн кууп чыгарып салды. Бирок бул иши менен журналисттерди коркута алган эмес. 17-январь күнү бийликке карата сын айткан 11 журналистти камака алып, сурак жүргүзүп, айрымдарын 2 айга убактылуу кармоочу жайда калтырган. Ошондо бизде сөз бар болуп, бирок эркиндик болбой кысым күч болууда.

Илимпоздордо “Ишенчээктер илим ачпайт” деген сөз бар. Илимпоз ынанымдуу жооп алмайынча эч нерсеге ишенбейт. Мисалы бирөө ооруп жатса, жөнөкөй адам “маңдайга жазганы ушул экен” -деп тим болот. А илимпоз дартын аныктагысы келет. Анан ал дартты айыктыргысы келет. Дарыны ойлоп табат. Операцияны ойлоп табат. Жөнөкөй адамдын тилинде айтканда илимпоз адамдын өмүрүн кудайдан талашат. Илимпоз менен жөнөкөй адамдардын айырмасы ушул.

Жакшы журналист деле ошол, илимпоз сыяктуу. Ынанымдуу жооп алмайынча эч нерсеге ишенбейт.

Кармалгандарды мен жакшы журналисттер, кайдыгер эместер, калыстык издегендер дээр элем. Ыңгайы болсо деле, болбосо деле акча берген чиновникти асманга чыгарып мактагандан тартынган, карманган мыкты журналисттер дээр элем.

Бийлик журналист менен мышык-чычкан ойногондон көрө өзүнүн институттарын, негизги мамлекеттик түркүктөрүн чыңдабайбы? Эгерде госстрой эреже менен иштесе архитектура сызыктан чыкмак эмес. Эгерде мэрлер жакшы иштесе мыйзамсыз токтомдор чыкмак эмес. Эгерде соттор жакшы иштесе эл адилеттикти журналисттен эмес, соттон тапмак. Эгерде милиция калыс тергесе көп иштер сотко жетмек эмес. Эгерде прокуратура жакшы иштесе милиция көпмөк эмес. Эгерде бийлик өзү жазган эрежелерди өзү сактаса, өзү коргосо, өзү бузбаса анда өлкөбүз гүлдөп өнүгүп кетмек.

Күнөөнү журналисттен издебей өнүүгү жолун издеп, өлкөнү өнүктүрө берүүгө бийлик үчүн азыр эмне жолтоо болуп жатат?

Сабақтан қорытынды

Жазбаларды тыңдай келе, курстастарым маған жаңа қырынан ашылғандай болды. Әрбір студент, бір қайталанбас қар ұшқыны секілді. Күрделі, ерекше, өзінше әдемі, өрнегі алуан түрлі. Сол сияқты да студенттеріміздің әңгімелеуі, көз қарасы, сөз саптауы, жазу стильі әртүрлі де. Әр қайсысы дара тұлға, бірін бірімен салыстыруға келмейды. Айтып жатқан ойлары, толғаныстары, сезімдері маған айырықша әсер берді. Болашақта ел оқитын, бүкіл Қазақстанды ойландыратын посттар жазатын болатын шығармыз ❄️